Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Сурков орус президентинин жардамчысынын кызматынан кетти


Владислав Сурков.
Владислав Сурков.

Орусиянын президенти Владимир Путин Владислав Сурковду президенттин жардамчысынын кызматынан бошотту.

Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекет башчынын тиешелүү буйругу расмий сайтка чыкты жана дароо күчүнө кирди. Буга чейин Саясий конъюнктура борборунун директору Алексей Чеснаков Украина саясатынын багыты өзгөрүп жаткандыктан, Сурков мамлекеттик кызматтан кеткенин айткан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина маселелери менен эми президенттик администрацияда Дмитрий Козак алектенерин журналисттерге бышыктады.

XS
SM
MD
LG