Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Ооганстанда Абдулла өз өкмөтүн түзөрүн жарыялады


Абдулла Абдулла басма сөз жыйынынан кийин. Кабул, 18-февраль 2020-жыл
Абдулла Абдулла басма сөз жыйынынан кийин. Кабул, 18-февраль 2020-жыл

Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныган жок.

Жетекчи 18-февралда басма сөз жыйынын өткөрүп, «биз жеңүүчүбүз жана өз өкмөтүбүздү жарыялайбыз» деп билдирди. Андан бир аз мурда Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы 28-сентябрда өткөн шайлоодо 50,64% добуш менен президент Ашраф Гани экинчи мөөнөткө шайланганын жарыялаган. Абдулла Абдулла 39,5% көрсөткүч менен экинчи орун алганы белгилүү болгон.

Шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоо бир нече жолу жылдырылган. 2014-жылдагы президенттик шайлоодо да Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани ат салышып, күрөш курч жүргөндүктөн, Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен эки саясатчынын ортосунда бийлик бөлүштүрүлгөн. Ага ылайык, Гани президент, ал эми Абдулла Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы болуп же аткаруучу бийликти жетектөөгө көнүп, мунасага келишкен эле.

XS
SM
MD
LG