Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 16:02

Сулайманов: Шайлоо босогосу 7% болсун деген депутаттар көп


Алтынбек Сулайманов.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк депутаттар шайлоо босогосунун 7% болушун колдойт.

Бул тууралуу парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, парламентте шайлоо босогосуна байланыштуу мыйзам долбоору бир айдан кийин каралат.

"Депутаттардын көпчүлүгү 7% деген ойдо. 5% болсо деген дагы депутаттар бар. Ал эми коомчулукта 3, 5, 7% деген түрдүү пикирлер бар. Негизги көпчүлүк саясий күчтөр 9%", - деди Алтынбек Сулайманов.

20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда партиялардын парламентке өтүшүнүн босого чегин 9% кылууга саясий күчтөр даяр эмес деген пикирин билдирген.

Шайлоо босогосун 7% чейин түшүрүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган. Аны иштеп чыккан топтун курамында 21 депутат бар.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу 5% болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында 7% болуп өзгөртүлгөн.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (14)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG