Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

ДСУ бардык мамлекеттерди коронавируска каршы бирге күрөшүүгө чакырды


Тедрос Аданом Гебреисус
Тедрос Аданом Гебреисус

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коркунучтуу вируска каршы бардык өлкөлөр тез арада мобилизация болбосо, коронавирустун жайылышын токтотууга чама-чаркы жетпей каларын эскертти.

“Биз вирусту кармап турууга мүмкүн болгон фазадабыз. Бирок, күн санап бул мүмкүнчүлүк азайып баратат”, – деди Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус.

21-февралда италиялык 78 жаштагы адам коронавирустан каза тапты. Ал Кытайда чыккан, 2300 кишинин өмүрүн алган бул жугуштуу оорудан алгач ирет көз жумган европалык болуп калды. Италиянын Саламаттык сактоо министрлиги 21-февралда көз жумган карыя Венето аймагында жашаганын билдирди.

“COVID-19” деп аталган вирустун айынан 3300 тургуну бар Венето шаарында санитардык текшерүүлөр башталды. 50 миңге чукул адамды оору чыккан жерге жакын барбоону эскертишти. Италияда дагы 10 кишиден бул вирус табылган.

21-февралда Кытайда 397 кишиге оору жуккан. Жалпы жонунан 76 288 адамда бул вирус табылган, каза болгондордун саны 2 345 миңге жетти. 16-февралда Францияга барган кытайлык 80 жаштагы турист да кайтыш болгон. Түштүк Кореяда 21-февралда 142 кишиден вирус табылды. Жалпы жонунан 346 адам ооруп жатат.

XS
SM
MD
LG