Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Италияда коронавирустан эки киши көз жумду


Италиядагы шаарлардын бири.
Италиядагы шаарлардын бири.

Италиянын түндүгүндө коронавирусту жуктурган эки киши каза болду. Илдетти жайылтпоо үчүн айрым шаарларда мектептер жана дүкөндөр жабылды. Ишембиде Кодоньо шаарында 75 жаштагы аял, Венецияга коңшу аймакта 78 жаштагы карыя көз жумду. Булар коркунучтуу вируска чалдыгып каза болгон алгачкы европалыктар болуп калды.

Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, өкмөттү кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйынга чакырды. Италиянын түндүгүндөгү ондогон шаарларда жергиликтүү бийлик элди көчөгө чыкпоого чакырды. "Sky Italia" телеканалы коронавирус жуктургандардын саны 32ге жеткенин кабарлап жатат. AFP агенттиги Саламатык сактоо министрлигинен расмий санды тактоого мүмкүнчүлүк боло электигин кабарлады.

Иранда вирустан каза болгон алтынчы учур катталды. Өлкөдө коронавирус менен ооруган 28 киши аныкталган. Саламаттык сактоо министрлиги вирус Кытайдан келген жумушчулардан жугушу мүмкүн экенин маалымдады. Иранга коңшу өлкөлөр коопсуздук чараларын күчөттү.

Эпидемиянын очогу саналган Кытайда жугуштуу вирустан 2300дөн ашык киши өлдү. Түштүк Кореяда вирус жуктурган 346 адам аныкталды.

XS
SM
MD
LG