Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Мамлекеттик карыздын жол салуудагы изи


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент депутаттары Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөгө келген гранттардын жана насыялардын эсебин тактай баштады. Бюджеттик комитет алгач жол салууга бөлүнгөн каражатка жооптуу министрликтин отчётун укту.

1992-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанга келген 10 млрд. доллардай сырткы жардамдын 26% транспортко жана жолго каралган.

Эл өкүлдөрүн «Бул салым өзүн экономикалык жактан канчалык актады?» деген суроо кызыктырууда.

Дал келбеген сандар

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Транспорт жана жолдор министрлигинен 1993-2018-жылдар аралыгында аталган мекеме алган насыялардын жана гранттардын пайдаланылышы тууралуу маалымат сураган болчу. Министрлик 1996-жылдан берки эсебин гана ачыкка чыгарды.

Парламент комитетинин 24-февралдагы жыйынында транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов буларга токтолду:

«Кыргыз Республикасы эгемендик алган мезгилде, 1996-жылдан 2018-жылга чейин Транспорт жана жолдор министрлиги 2 млрд. 355 млн. доллар грант жана насыя алган. Анын ичинен 1 млрд. 956 млн. доллар насыя, 203 млн. долларлык грант болгон. Калган 195 млн. долларды кыргыз өкмөтү берген. Бул каражатка Бишкек - Ош, Ош - Сары-Таш - Эркечтам, Бишкек - Нарын - Торугарт, Бишкек - Баткен - Исфана, Суусамыр - Талас - Тараз жана Бишкек - Георгиевка сыяктуу эл аралык деңгээлдеги жолдор реабилитацияланган жана реконструкцияланган».

Жанат Бейшенов сол тараптагы четте. 24-февраль, 2020-жыл.
Жанат Бейшенов сол тараптагы четте. 24-февраль, 2020-жыл.

Министр учурда Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун салуу, Бишкек-Ош жолунун Бишкек - Кара-Балта жана Жалал-Абад - Маданият тилкелерин оңдоо уланып жатканын кошумчалады. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана, Бишкек-Нарын-Торугарт жана Суусамыр - Талас - Тараз жолдору да оңдолууда.

«Долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында курулган жана курулуп жаткан жол 2390 чакырымды түзөт. Мунун ичинен 2079 чакырым жол салынган жана оңдолгон, анын ичинде 310 чакырым жолду куруу жумуштары жасалып жатат. Андан тышкары тоннелдер менен эстакадалык көпүрөлөр, дагы башка бир катар курулуштар салынды. Жол-курулуш техникасы алынган, гранттык негизде жабдуу алынган, институционалдык жардам көрсөтүлгөн жана жолдордо түрдүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн», - деди транспорт министри Жанат Бейшенов.

Жол тармагына берилген каражаттын ичинде гранттын көпчүлүк бөлүгү Азия өнүктүрүү банкынан, ал эми насыялар Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган. Кайтарымсыз жардамдын калганын Дүйнөлүк банк, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Еврокомиссия берсе, карыздарды да Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы жана башкалар мекемелер берген.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 24-февралдагы жыйыны.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 24-февралдагы жыйыны.

Бирок тышкы жардамдын суммасы боюнча министрликтин эсеби менен депутаттардын эсебинде бир топ айырмачылыктар байкалды. Тагыраагы Транспорт министрлиги өлкө эгемендик алгандан бери сырттан бул үчүн жалпы 2 млрд. 355 млн. доллар грант жана насыя алганын билдирсе, депутаттар бул сумма 2 млрд. 612 млн. долларды түзөрүн айтышууда.

Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин ичинде түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси Акылбек Жапаров аны мындайча белгиледи:

«Бүгүнкү күнгө чейин биз Транспорт жана жолдор министрлигине бөлүнгөн 200 миллион доллардын баш-аягын таппай жатканбыз. Финансы министрлигинин ичинде да бирдиктүү эсеп-кысап маселеси жакшы иштей элек экен. Транспорт министрлигинде болсо бул боюнча жагдай «кудай өзү сактасын» дегендей эле экен. Эки тараптын сандарында бүгүнкү күндө чоң айырма чыгып жатат».

Деген менен жыйынга катышып жаткан финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов алар келтирип жаткан сумма так экенине ишендиргиси келди. Бирок ал деле бир аз башкачараак сумма келтирди:

«Азырынча биз такташтык. Жалпы сумма 2 млрд. 697 млн. доллар деп чыгарып жатабыз. Мунун ичинде грант да, насыя да бар».

Кыргызстан эгемендик алгандан бери, тагыраагы 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 млрд. 193 млн. доллар грант жана насыя алган. Эгер мунун 2 млрд. 612 млн. доллары Транспорт министрлигине бөлүндү десек, ал жалпы сумманын 26% түзөт. Бирок жогоруда көрүнүп тургандай, Транспорт министрлигинин өзүнүн эсеби мындан азыраак чыгып жатат.

Кантсе да бул сумма парламенттин аталган комитетинин келерки жыйындарында да такталмак болду.

Күмөндүү натыйжалар

Албетте, ири суммадагы карыз жөнүндө сөз болгондо анын натыйжасы жөнүндө айтпаса болбойт. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов өзүнүн кыскача маалыматында ушул жагдайга да токтолду.

Министр сырттан алынган гранттардын жана насыялардын эсебинен ишке ашкан долбоорлордун натыйжасы Кыргызстандын экономикасына оң таасир эткенин, бул атайын изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталганын билдирди:

«Кыйыр эсептер менен алганда бул долбоорду ишке ашыруудан жолдогу сапарлардын убактысы 50% кыскарды. Транспортту жылдык эксплутациялоодо күйүүчү-майлоочу майдан, маяналардан жана оңдоодон улам колдонуучулар 6 млрд. сомдой каражатын үнөмдөп калышты».

Деген менен өлкө миллиарддаган долларлык карызга батып алган насыянын же кадыр-баркын салып алган гранттык жардамдын натыйжалуу иштетилиши боюнча сын-пикирлер көп. Эл өкүлү Акылбек Жапаров курулган жолдордун жарымы гана баланска кабыл алынганын билдирүүдө:

«"2 млрд. 600 миллион долларга 2 миң чакырымдай жол салдык" деп жатасыңар. «Бирок ошонун канчасын баланска алдыңар?» деп сурасак, жооп бере албайсыңар. «Миң чакырымын жаратсак жаратып, болбосо жок» дейт. Бул эмне, асмандан түшкөн акчабы? Каяктан алдыңар, эмне кылып иштеттиңер? Эсеп жок. Жол курулгандан кийин баланска койбойсуңар, кабыл алуу актысы жок. Бүт системанын баары башаламан. Тендер өткөрүү гана кызыкчылыгы бар, андан башка бир да кызыкчылыгы бар киши жок. Бул азыркы транспорт министрине гана эмес, 2018-жылга чейин иштеген министрге, ал жердеги жамаатка да тиешелүү».

Акылбек Жапаров. 24-февраль, 2020-жыл.
Акылбек Жапаров. 24-февраль, 2020-жыл.

Депутат ошондой эле Кыргызстандагы жол салуу жана жол оңдоо боюнча ири долбоорлорду жалаң чет элдик компаниялар утуп, бирок жергиликтүү ишканаларды туунду жалдануучу (субподрядчик) катары иштеткенин белгилейт. Натыйжада сырттан келген акчанын көбү кайра эле сыртка чыгып кеткен.

«Коррупциянын өзөгү каякта? «Жол оңдоого берилген каражаттын 86%, дээрлик бир миллиард 846 миллион доллар жумушка кетирдик» деп, чет элдик компанияларга берилген. 17 миллион долларга тендерди утуп, анын 10 миллион долларын жергиликтүү компанияга берип, иштетип коюп, калганын чөнтөгүнө салып койгон фирмалар алып жатат. Дээрлик көпчүлүк тендерлер ушундай болгондой көрүнүп жатат. Австрия, Италия, Жапония, Кытай, кыскасы Англия менен АКШ эле жок экен, калган башка өлкөлөрдүн баарынан курулуш компаниялары бизге кирип тендерди утуп келишкен», - деди Акылбек Жапаров.

Депутат Кыргызстанда иштейм деген чет элдик компаниялар Бишкекте филиалын ачып иштеши керек болорун, аларга акча Финансы министрлигинин бирдиктүү эсебинен таза санак менен берилиши керек экенин белгиледи.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев болсо ушунча каражат жумшалып, ушунча жол оңдолгону менен анын сапаты канааттандырбай жатканын айтып кейиди:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

«Боом, Чапчыма, Өтмөк, Төө-Ашуу, Талдык ашууларында ар бир күздө, ар бир кышта маселе жаралат. Жыйындарда, парламентте кайра-кайра көтөргөнбүзгө карабай кырдаал өзгөргөн жок. Жамгырдан, кардан кийин жолдор таптакыр эле бузулат. Калк бул ашууларда мурда кандай турса, азыр деле ошентип сааттап туруп, араң өтүп жатышат. Биз «миллиард бул жакка кетти, миллиард тиги жакка кетти» деп отурабыз».

Казакбаев жолду оңдоого жумшалган каражаттын мыйзамдуулугун да териштириш үчүн укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү зарыл экенин белгилеп, келерки жыйындарга аларды да тартууну сунуш кылды. Бюджет жана финансы комитетинин жетекчиси Эмил Токтошев депутаттардан түзүлгөн жумушчу топ иликтөөсүн аяктаса, күч түзүмдөрүнө да маалымат берилерин айтты.

«Жолдун акчасы өзүнчө каралбайт»

Кыргызстандын мамлекеттик карызы жылда төлөнгөн суммаларга жана кайра алынган насыяларга ылайык азайып-көбөйүп турат. 2019-жылдын 31-декабрына карата тышкы-ички карыз 319 474,64 млн. сомду же 4 млрд. 587,26 млн. долларды түздү.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө бюджеттен 28 млрд. 122 млн. сом жумшалды. Аталган министрликтин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков быйыл да ушунча каражат каралып жатканын билдирди:

Руслан Татиков.
Руслан Татиков.

«Бюджет боюнча кабыл алынган мыйзамга ылайык, 2020-жылы 28 млрд. 818 миллион сом карыздарды тейлөөгө жумшалат. Ошонун ичинен 12 млрд. 655 миллион сом ички карызга, 16 миллиард 163 миллион сом тышкы карызга берилет».

Бирок ал Кыргызстандын карыздарын төлөөдө кайсы тармактарга бөлүнгөнү эсепке алынбай турганын, графиктерге жараша тейленерин кошумчалады.

«Насыяны биздин министрликтеги башкы башкармалык алат. Сүйлөшүүлөрдүн баары, макулдашуулар боюнча ошолор иш жүргүзөт. Ошондогу графиктерге жараша биз насыяны төлөйбүз. Анда биз «бул жол тармагына, бул энергетикага келген насыя экен» деп карабайбыз. Же кайсы бирине артыкчылык берүү деген нерсе болбойт. Ошол графиктин негизинде гана төлөйбүз», - деди Руслан Татиков.

Расмий маалыматтарга ылайык, мамлекеттик карыздарды төлөөнүн көлөмү 2023-жылдан баштап көбөйө баштайт. 2027-жылдары Кыргызстан бул үчүн жылына 400 миллион доллардай бөлүп турушу керек болот. Бирок бюджети 2 миллиарддан араң ашкан өлкөнүн бюджетинин чама-чаркы ал кезде кандай болору азырынча белгисиз.

Активист жана экономист Айбек Таалайбек уулу мындай пикирин айтты:

Айбек Таалайбек уулу.
Айбек Таалайбек уулу.

«Бир учурда «жолдон акы ала тургандай кылабыз»​ деп да чыгышты эле. Анын акчасын түз айтышпаганы менен, кыскасы «бюджетти толтурууга же ушу карызды жабууга жумшайбыз» дегендей максат кылышкан. Анда эмне, ооруканага насыя алсак, анын акысын кымбаттатып же мектепти оңдоого насыя алсак, окууга акы киргизет белек? Карызды алып жатканда аны кантип төлөй турганыбызды ойлонуш керек эле. Ооба, жол да керек, бирок карыз алып жасаганыбыз менен анын сапаты ойдогудай болгон жок. Акчадан да карыз болдук, жолубуз да оңолбогон бойдон калды. Эми карызды төлөп жатабыз. Кайра келип эле бюджетке күч келет. Өкмөт экономиканы жакшыртып, бюджетти көбөйтүп, ошонун эсебинен жапсын».

Баса, былтыркы жылы айрым депутаттар мамлекеттик карыздын ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) катышына карата чегин кайра киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылган. Ага ылайык, карызды ИДӨнүн 70% бөлүгүнөн ашпашы керек. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде биринчи-экинчи окууда жактырылган боюнча кийинки этапка өтө элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG