Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

«Коопсуз шаар» долбоорунун иши тууралуу маалымат берилет


«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Бишкек. 2019-жыл.
«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Бишкек. 2019-жыл.

27-февралда Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы журналисттерди долбоордун мониторинг борборуна чогултуп, маалымат берет. Анда «Коопсуз шаар» мониторинг борборунун ишмердүүлүгү, «Айып пулдар», былтыр өзгөртүү киргизилген Тартип бузуу жөнүндө кодекс тууралуу толук маалымат берилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди. Анын айтымында, айып төлөөнүн шарттары жөнүндө да сөз болот.

«Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылы 12-февралдан тарта Бишкекте ишке кирген. Март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган. Долбоор ишке киргенден тартып жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн айыппулдун жалпы суммасы 592 миллион сом болгону быйыл 27-январда расмий кабарланган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды. Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компания жеңүүчү деп табылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG