Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:21

Баткенде тургундар чек ара чырында кармалгандарды бошотууну өтүнүштү


Кыргыз-тажик чек арасы. 11-январь, 2020-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 11-январь, 2020-жыл.

26-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахмановдун Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушуусунда ушундай өтүнүч айтылды. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Абдрахманов кармалган жарандар боюнча тергөө иштерин калыс жүргүзүш үчүн укук коргоо органдарына тапшырма берген. Мындан тышкары өкмөттүн өкүлү Көк-Таштын тургундарын сабырдуулукка чакырып, аймактагы туруктуулукту сактоого үндөдү. Ал чек арадагы чыр-чатактар аны тактоо иштерине кедергисин тийгизерин билдирди.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алган. 17-январда сот экөөнү - Жазык кодексинин 264.2-беренеси («Массалык башаламандыкка катышуу») боюнча шектүү катары кармалган Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаевди үй камагына чыгарган.

Ал эми Жазык кодексинин 264.1-беренеси («Массалык башаламандыкты уюштуруу») 253.1-беренеси («Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү») боюнча шек саналган Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаев эки айга камалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG