Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:15

Президент Жээнбеков Москвага кетти


Москва.
Москва.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Москвага жөнөп кетти. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн 27-февралда Жээнбеков орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалын жана келечегин талкуулайт.

Ушул эле күнү эки Кыргызстандын Орусиядагы жана Орусиянын Кыргызстандагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи болот.

Кыргыз президенти Москвада орус премьер-министри Михаил Мишустин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен да жолугат. ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жана депутаттары Канатбек Исаев, Марат Аманкулов, Тынчтык Шайназаров, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков, Гүлнара-Клара Самат, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев жана маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бар.

Кыргызстан Орусияны стратегиялык өнөктөш мамлекет деп эсептейт. Былтыр декабрда расмий Бишкек Крым маселесинде Орусияны колдоп чыккан.

Орусиянын аймагында миллионго чукул кыргыз жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG