28-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 8...10 градус болот.