Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу баш калаанын милициясы кабарлады. Анын маалыматына ылайык, буга чейин бир нече жолу соттолгон «Чач» деген каймана ат менен белгилүү 32 жаштагы адам жазык кодексинин 268-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо») боюнча шек саналууда.

Кармоо учурунда кылмышка шектүүнүн машинесинен мыйзамсыз тапанча табылган жана ал милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн.

Учурда кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына караганда, өлкөдө Камчы Көлбаевдин, Азиз Батукаевдин, Алмаз Бокушевдин кылмыштуу тобуна таандык 421 адам каттоодо турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG