Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Арменияда коронавирустун биринчи учуру катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маалыматка караганда, 29 жаштагы эркек жубайы менен жакында эле Ирандан келишкен. Ал коронавирусту жуктуруп алганы аныкталганын Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да ырастады.

Пашинян вирус жуккан киши Тегерандан 28-февралда учак менен келгенин, кийин дарылануу үчүн ооруканага жаткарылганын айтты. Илдетке кабылган адамдын ден соолугу туруктуу.

Өпкөнү сезгенткен коронавирустун таралышы боюнча Иран Кытайдан кийинки эле эң кооптуу өлкөгө айланды. 29-февралдагы маалымат боюнча, Иранда вирустан 43 адам өлүп, аны жугузгандардын саны 593кө жетти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус 86 миңге жакын кишиге жугуп, вирустан 3000дей адам каза болду. Коронавирус 60ка жакын өлкөдө жайылып, Кытайдан кийинки эле вирус эң көп катталган өлкөлөр Түштүк Корея, Иран жана Италия болууда. Каза болгондордун көпчүлүгү кытайлар. (BTo)

XS
SM
MD
LG