Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:35

Маниладагы соода борборунда куралчан адам 30дай кишини барымтага алды


Окуя болгон соода борборунун алды.

Филиппиндин борбору Манила шаарынын четиндеги соода борборлорунун биринде куралдуу адам 30дай кишини барымтада кармап турат. «Manila Times» басылмасы кеминде бир адам жарадар экенин жазды.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, кылмышка шектүү ушул соода борборунун Арчи Парай аттуу мурдагы күзөтчүсү жана ал жакында эле иштен алынган. Айрым бир маалыматтарга караганда ал мурдагы кызматташтарын өзү тарапка өтүүгө көндүрүүгө аракет кылган, бирок майнап чыкан эмес.

Полиция анын колунда тапанча жана граната бар болушу мүмкүн экенин, сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди. Адамдарды барымтага алган кишинин талаптары кандай экени азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG