Экс-депутат Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингге болжол менен 3 миңден ашуун адам катышууда. Бул тууралуу акцияга мониторинг жүргүзүп жаткан «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, акциянын катышуучулары чагымга алдырбай, коомдук тартипти сактоого көңүл бурушу керек.
«Эгер чагымга алдырбаса, конституциялык түзүлүшкө, адам өмүрүнө коркунуч келтирген чакырыктар айтылбаса бүгүнкү митингди тынч маанайдагы деп баалайм», - деди укук коргоочу.
Абдирасулова укук коргоо органдарынын кызматкерлери да мыйзамдын чегинде иш алып барышы керек экенин кошумчалады.
Садыр Жапаровду камактан бошотуу жөнүндө талап койгон митинг Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында 2-мартта саат 13:00тө башталган.
Уюштуруучулар акцияга 5 миңге жакын киши катышып жатканын айтышууда. Ал эми Ички иштер министрлиги акциянын катышуучуларынын саны боюнча маалымат бере элек.
Буга чейин Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров митингдин талабына президенттик аппарат үч күндөн кийин жооп берерин айтып, чогулгандарды тароого чакырган. Бирок митингдин айрым катышуучулары мындай сунушка көнбөй, Жапаров эркиндикке чыкмайынча тарабай турганын айтышууда.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Каракол шаарында митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. Саясатчыны бошотуу тууралуу талаптар байма-бай айтылып келатат.
Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын февралдын башында билдирген. Прокуратуранын маалыматына караганда, «Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакцияларына ылайык Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт». Ошондой эле Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай тургандыгы маалымдалган.
2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен. Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (BkA)