Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:16

Ала-Тоо аянтында 30дан ашык адам кармалды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында милиция менен кагылыштан соң кеминде 30дан ашык адам кармалды. Бул тууралуу окуяга күбө болуп жаткан «Азаттыктын» кабарчысы билдирди. Анын айтымында, 21 адамды милиция кармады. Аларды Патрулдук милициянын машинесине салып кетишкени белгилүү болду.

Учурда кармалгандар боюнча Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек.

Бүгүн Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотууну талап кылгандардын нааразылык акциясы өткөн. Анын жыйынтыгында акциянын катышуучулары менен милиция күчтөрү кагылышып, жыйынтыгында митингичилер суу бүркүү, газ колдонуу жолдору менен таркатылды.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот аны он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG