Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Нур-Султан: вирустан улам 8-мартка карата мамлекеттик иш-чаралар өтпөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус коркунучунан улам 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата негизги иш-чаралар өтпөй турганын билдирди. Ал 2-мартта «Твиттердеги» баракчасына «Аялдардын эл аралык күнүнө байланыштуу Нур-Султан шаарындагы салтанаттуу жыйынды жана концертти өткөрбөйлү деп чечтим. Мындай чечим дүйнөдө коронавирус жайылып жаткандыктан коопсуздук чараларынан улам кабыл алынды» деп жазды.

Казакстан 1-марттан тартып Иран менен аба каттамын убактылуу токтотту. Иранда, соңку маалыматка ылайык, 60тан ашык адам бул оорудан ажал тапты. Вирусту 1,5 миңдей адам жугузуп алды.

Дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө вирус жугузуп алган учурлар катталды. Жалпысынан илдеттен өлгөн адамдардын саны үч миңге чамалады, вирус 87 миңден ашык кишиден табылды.

XS
SM
MD
LG