Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:40

Ошто ЕАЭБдин талаптарына шайкеш касапкана ачылды


Касапкананын имараты.
Касапкананын имараты.

Ош шаарында Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына жооп берген касапкана ачылды. Мал союлуучу жайдын жетекчиси Курсант Сатыбалдыевдин «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча анын курулушуна жалпысынан 12 миллион сом сарпталды. Касапкана күнүнө 60 кара мал, 150 майда жандык союуга ылайыкталган. Жаңы касапканада 60 киши иштейт. Касаптардан тышкары ветеринардык дарыгер жана лаборант бар.

Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы жаңы ачылган мал союлуучу жайды ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизүүнү көздөп жатат.

«2019-жылы Ош шаарынын аймагында жети касапкананы талапка жооп бербегени үчүн жапканбыз. Алар алты ай бою иштебей турду. Кийин шарты оңолгондо 2019-жылдын август айында кайра иштөөгө уруксат берилген. Азыр ал касапканаларды ветеринардык кызматкерлер көзөмөлдөп турушат. Бул жаңы ачылган мал союлуучу жайды ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизебиз», - деди Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Сүйүмбай Абдуллаев.

Буга чейин Ош шаарындагы «Келечек» касапканасы ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген. Мындан сырткары жети касапкана иштейт.

Ош шаарында 200дөн ашуун эт сатуучу чакан соода түйүндөрү бар. (MdN)

XS
SM
MD
LG