Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйынга айыпталуучулар - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, парламент депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова катышты.
Жараянга ошондой эле Атамбаевдин тарапкерлери Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаманов, Капарбек уулу Нооруз жана Асангелди Какебаев жеткирилди.
Шектүүлөр жана алардын жактоочулары сот өтүп жаткан жай тар жана эч кандай шарты жок экенин айтышты.
«Шектүүлөр айнектен жасалган конструкциянын ичинде отурушат. Муну менен жактоочулардын укуктары чектелип жатат. Себеби ал тосмодон биз аларды, алар бизди уккан жок. Шектүүлөр соттук процессте отурушканы менен иш жүзүндө эч нерсе угушкан жок. Ошондуктан биз соттон аларды андан чыгарууну сурадык», - деди Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев.
2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон.
Кой-Таш окуясына айыптуу деп табылып, бирок тергөө менен кызматташууга макулдук берген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат. (BTo\ErN)