Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:05

Украинада өкмөт башчы алмашууда


Алексей Гончарук.

Премьер-министрликке келгенине алты ай болгон Алексей Гончарук кызматтан кетүүгө арыз берди. Шейшембиде Жогорку Раданын «Слуга народа» фракциясы анын арызын колдогон.

4-мартта Жогорку Рада Гончаруктун кызматтан кетүү жөнүндө арызын карайт. Ошондой эле анын ордуна 44 жаштагы Денис Шмыгалды дайындоо маселеси да күн тартибине коюлган. Парламент жыйынына президент Зеленскийдин катышуусу күтүлүүдө.

Шмыгаль өкмөт башчынын орун басарлыгына февралда дайындалган. Мурда ал Ивано-Франков облусунун губернатору болуп турган.
2017-2019-жылдары Украинадагы эң бай миллиардер Ринат Ахметовго таандык энергохолдингди жетектеген. Шмыгаль Ахметов менен тааныштыгы жок экенин, ишке сынак аркылуу орношконун айтып жүрөт.

XS
SM
MD
LG