Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Бишкекте коронавирус тууралуу маалымат берилет


Коронавирус жугузган бейтапты дарылоо. Иран. 1-март, 2020-жыл.
Коронавирус жугузган бейтапты дарылоо. Иран. 1-март, 2020-жыл.

Бишкектеги «Азия молл» соода борборунда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Ден соолукту чыңдоо боюнча улуттук борбордун кызматкерлери жана Кызыл чырым уюмунун ыктыярчылары элге коронавирус тууралуу маалымат беришет. Ал жерде дүйнөгө жайылып жаткан жугуштуу илдеттен коргонуу, медициналык беткаптын орду, жеке гигиенаны сактоо эрежелери жөнүндө маалыматтар сүрөттөр менен видеороликтердин коштоосунда көрсөтүлөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус жугузгандар каттала элек. Илдеттин алдын алуу боюнча бардык чаралар көрүлүп, чек ара бекеттеринде сырттан келген жарандар катуу текшерүүдөн өткөрүлүп жатканы кабарланууда.

Кыргыз бийлиги 1-марттан тартып оору күч алган өлкөлөрдө акыркы 20 күн ичинде болгон чет элдик жарандарды өлкөгө киргизбөөнү, ал эми кыргызстандыктарды келери менен эки жумалык карантинге жиберүүнү чечкен.

Соңку маалыматтар боюнча, вирус дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө катталды, үч миңдей адам өлүп, ооруну жугузгандардын саны 87 миң адамдан ашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG