Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Ош-Бишкек жолундагы кырсыкта жабыркагандардын арасында үч өзбекстандык бар


Бишкек-Ош жолундагы кырсык. 4-март, 2020-жыл.
Бишкек-Ош жолундагы кырсык. 4-март, 2020-жыл.

4-марттын түнүндө Бишкек-Ош автоунаа жолунун 493 чакырымында жол кырсыгына кабылгандардын арасында Өзбекстандын 3 жараны бар. Бул жөнүндө «Азаттыкка» Жалал-Абад облустук ЖКК бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

«Мерседес-Вито» үлгүсүндөгү машине Бишкек шаарынан Баткенди көздөй жол тартып, Ноокенде «Хонда-Жаз» автоунаасы менен кагышкан. Жол кырсыгына «Мерседес-Витонун» айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткени айтылууда.

Жол кырсыгында «Хонда-Жаз» автоунаасындагы Кыпчак-Талаа айылынын 3 тургуну жана эки жүргүнчү (тек-жайы такталууда), экинчи автоунаадагы айдоочу менен бир жүргүнчү мүрт кеткен. Ал эми «Мерседес-Витонун» ичинде бара жаткан 6 жүргүнчү Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткирилген. Алардын үчөө - Өзбекстандын 20-21 жаштагы жарандары. Кырсык болгон жерде адистер иштеп жатышат. (RsK)

XS
SM
MD
LG