Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:27

Сүлүктүдөгү «Узун-Сай» шахтасында өрт чыкты


Кыргызстандагы шахталардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы шахталардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде көмүр шахталарынын биринде өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Сүлүктүдөгү «Узун-Сай» ишканасынын аймагында болгон.

Жерине жети куткаруучу тартылган. Алар өрттү өчүрүп, газ чыккан жерге тосмо орнотуп беришкен.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапкан жана үчөө оор жараат алган. Ошол эле жылдын 10-декабрында Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG