Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

"Ынтымак" телеканалынын кабарчысы милицияга чакырылды


12-апрелде өтө турган шайлоодо Оштогу шаардык кеңешке 9 партия ат салышат. Иллюстрациялык сүрөт.
12-апрелде өтө турган шайлоодо Оштогу шаардык кеңешке 9 партия ат салышат. Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто "Ынтымак" телеканалынын кабарчысы студенттердин жапырт каттоого тургузулганы тууралуу макаласынан кийин милицияга чакырылды. Аталган телеканалдын кабарчысы Мимоза Жанибек кызын 5-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү чакырган. Ал сотко чейинки өндүрүш боюнча күбө катары чакырылып жатканы кабарланган. Бул тууралуу кабарчы өзү "Азаттыкка" маалымдады:

"Алгач шаардык милициянын кызматкерлери мага телефон чалып, тергөө кызматына келиңиз дешти. Мен атайын чакыруу барагы жок болгон соң, барган жокмун. 5-март күнү саат 19:05те чакыруу барагын алып келишти. Чакырууну алып келген милиция кызматкеринин оозеки түшүндүрмөсүнө ылайык, мен Ош мамлекеттик университетиндеги студенттердин паспорттору чогултулуп, массалык түрдө Ош шаарына каттоого коюлгандыгы жөнүндө даярдаган макалам үчүн күбө катары көрсөтмө берет экенмин".

Чакырууга ылайык журналист тергөө бөлүмүнө 6-март күнү барып, көрсөтмө берүүгө тийиш.

“Ынтымак” телеканалы февралда Ош мамлекеттик университетинин студенттери шаарга жапырт каттоого тургузулганы тууралуу баяндаган.

12-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо күтүлүп жаткан Ош, Токмок жана Каракол шаарларында добуштарды сатып алуу максатында сырттан жарандарды шаарга жапырт каттоого коюп жатышканы тууралуу маселе маалымат каражаттарында, парламент трибунасында жана БШКнын жыйынында көтөрүлгөн.

17-февралда Башкы прокуратура Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында добуштарды сатып алуу аракети боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын жарыялаган. Маалыматка ылайык, ишти Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренесинин негизинде бирдиктүү реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Шайлоо алдындагы жапырт каттоого тынчсыздануусу президент Сооронбай Жээнбеков да билдирди. Мамлекет башчы 5-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнүн толук ачык-айкындуулугун камсыз кылууну талап кылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG