Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Москвада Путин менен Эрдоган Сирия боюнча документти макулдашты


Орусиянын президенти Владимир Путин жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кремлде, 5-март, 2020-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кремлде, 5-март, 2020-жыл.

5-мартта Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириядагы куралдуу жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууну караган документти макулдашты. Бул тууралуу эки лидердин жолугушуусунан кийин президент Путин билдирди.

Путин быйыл жыл башынан тарта Сирияда жайкын тургундарга жана «Хмеймимдеги» орустардын аскер базасына каршы ашынган күчтөрдүн чабуулу уланганына токтолду.

Орус лидери билдиргендей, Москва менен Анкара Сирияда эмне болуп жатканы тууралуу такай маалымат алмашып турушат. «Сириядагы кырдаалга байланыштуу түрк өнөктөштөрүбүз менен такай эле макул эмеспиз. Бирок кандайдыр бир опурталдуу учурларда тил табыша алдык. Бул жолу да так ошондой болду», - деди Путин.

Жолугушуунун алдында Путин Идлибдеги кырдаалдын “орус-түрк мамилесине залакасын тийгизбешинин” алдын-алууну сунуш кылган. Ал Сирияда курман болгон аскерлердин жакындарына көңүл айтып, сириялык армия аларга атайылап сокку урбаганын белгиледи.

Түрк президенти Эрдоган Москвадагы сүйлөшүү «Идлибдеги кырдаалды жеңилдетерин» белгилеген.

XS
SM
MD
LG