Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:32

Аба ырайы: кар жаайт


Кыргызстан.

Чукул билдирүү:

6-7-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6;

Бийик тоолуу райондордо -17…-22, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 1…3 градус болот.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG