Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 14:34

АКШ: Элизабет Уоррен президенттик жарыштан чыкты


Элизабет Уоррен президенттик жарышка биринчилерден болуп аттанган эле.

АКШда демократтардын атынан президенттикке ат салышууну каалаган Массачусетс штатынан сенатор Элизабет Уоррен шайлоо өнөктүгүн токтотту. Ал 3-мартта «супер шейшемби» деп аталган күнү 14 штатта өткөн демократтардын ички жарышында жеңилип калган эле.

Уоррен эми кимге колдоо көрсөтөрүн ачык жарыялай элек. 70 жаштагы сенатор жарышка алгачкылардан болуп аттанган жана башында демократтардын атынан президенттикке талапкер болуу ыктымалдыгы жогору эле.

"Супер шейшембиде" Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри, миллиардер Майкл Блумберг да утулган жана ал да президенттик шайлоого катышуу ниетинен баш тарткан. Блумберг мурдагы вице-президент Жо Байденди колдой турганын жарыялаган. Эми негизги таймаш Жо Байден менен Берни Сандерстин ортосунда өткөнү калды.

Демократтардын соңку праймаризинде Жо Байден тогуз штатта озуп чыккан, экинчи орунду сенатор Берни Сандерс алган. Ал эл көп жашаган Калифорния менен Техаста уткан.

Байденди негизинен афроамерикалыктар жана улгайган адамдар колдогонун, Сандерс болсо латын америкалыктардан жана жаштардан колдоо тапканын жазышты. Демократтардын атынан башында президенттикке талапкер болууну каалаган 25 киши чыккан эле.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG