Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 03:22

Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү менен жолукту


Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана жазуучунун уулу Элдар Айтматов.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө барып, жазуучунун жубайы - Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

Жазуучунун уулу Элдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. Ошондой эле “Манас” жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу айтып берди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейди оңдоо боюнча өкмөткө кайрылган. Депутат "Твиттердеги" баракчасына ал кайрылууга Финансы министрлигинен келген жоопту жарыялаган.

Финансы министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музей Маданият маалымат жана туризм министрлигинин карамагында болбогондуктан казынадан каржыланбай турганын белгилеген. Музейди мамлекетке өткөрүп алууга ири каражат керек экенин, ага Маданият маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинин мүмкүнчүлүгү жоктугун билдирген. Бирок Каржы министрлиги бул маселенин маанилүү экенин белгилеп, музейдин курулушун демөөрчүлөрдүн жардамы менен жүргүзүүнү сунуш кылган.

2013-жылы Чыңгыз Айтматовдун 1986-жылдан бери жашаган Ала-Арча резиденциясындагы үйү музейге айланган.

Чыңгыз Айтматовдун кызы, экс-депутат Ширин Айтматова "Үмүт 2020" саясий кыймылын түзүп, бийликти сындап келет. 26-январда президенттин аппаратынын өкүлү "Үмүт 2020" саясий кыймылынын мүчөлөрү менен жолуккан. Анда Ширин Айтматова президент менен жолугушуу уюштурууну суранган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG