Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Кытай вирус жуктургандар азайганын кабарлады


Кытай бийлиги коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында эпидемиянын толкуну басаңдаганын маалымдады. Учурда ооруп жаткандардын көпчүлүгүн Ирандан келгендер жана чет элдиктер түзөт.

7-мартта өлкө аймагында коронавирус жаңы аныкталган 99 учур катталган. Бул 20-январдан берки эң төмөн көрсөткүч. Буга чейин бир сутка ичинде ооругандардын саны 143кө чейин жеткен.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы 6-марта Хубей борбордук провинциясынын сыртында вирус жаңы аныкталган 25 учур катталганын, анын ичинен 24 киши Кытайдан тышкары аймакта жуктурганын кабарлады.

Комиссиянын маалыматында, ооруп жаткандардын көпчүлүгү Ганьсу провинциясында карантинде болушкан. Алар Ланьчжоу провинциясына Ирандан 2-марттан 5-мартка чейин коммерциялык рейс менен учуп келген.

Бээжинде вирус төрт кишиге жуккан. Текшерүү учурунда алардын үчөө Италиядан келгени аныкталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG