Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:50

Аба ырайы: кар жаайт  


Чукул билдирүү:

7-9-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ага байланыштуу жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1;

Бийик тоолуу райондордо -20…-25, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын түнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү температурасы 4…6 градус болот.

XS
SM
MD
LG