Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:30

Вице-премьер-министр: кармалган аялдарды бошотууну сурандым


Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү жүрүштө кармалгандар боюнча "Азаттыкка" пикирин билдирди. Өмүрбекова Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен байланышып, кармалгандарды коё берүүнү суранганын айтты.

- Ички иштер министрлиги менен байланыштым. "Аялдар майрамында аялдарды кармоо туура эмес, алар чоң кылмыш кылган жок" дедим. "Азыр протокол түзүп, коё беребиз" дешти. Эртең бардык тараптарды чогулутуп, иликтеп, жыйынтык чыгарабыз.

Бүгүн Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган. Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер бар.


Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын билдирди.

Зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучулары менен кошо кармалып чыккан укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, милиция имаратынын ичинде элүүдөй кыз кармалып турат. Алар милицияга түшүнүк кат жазышууда.

XS
SM
MD
LG