Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 02:38

Алматыда аялдардын укуктарын коргогон марш өттү


Алматы шаары.

8-мартта Казакстандын Алматы шаарында феминисттер жүрүш уюштурду. Ага эки жүздөй киши катышты.

Марштын катышуучулары зомбулуктан каза болгон аялдарды эскеришти. Активисттер зордуктоо менен отургандарды мөөнөтүнөн мурда бошотпоону, сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө жазаны күчөтүүнү талап кылышты.

Жүрүштүн катышуучулары Жибек Жолу көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин басып барышты. Активисттерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, жүрүшкө уруксат алынбаганын айтып, тарап кетүүнү суранышты. Бирок иш-чара аягына чейин кармоосуз уланды.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG