Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Гаага: MH17 каттамындагы кыйраган учакка байланыштуу сот башталды


Гаагадагы сот ачык өтөт.
Гаагадагы сот ачык өтөт.

Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн MH17 каттамындагы малайзиялык учакка байланыштуу 9-мартта Нидерланддын Гаага шаарында ачык сот башталды.

Аталган өлкө жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу каргашага байланыштуу Орусиянын үч, Украинанын бир жаранына айып койгон. Аталган топ жүргүнчү учакты Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан, Курск бригадасына караштуу «Бук» зениттик-ракеталык комплекси менен атып түшүргөн деген жыйынтык чыгарган.

Европа Биримдигинин кеңеши Орусия өзүнө таандык жоопкерчиликти алышы керек экенин билдирген. Ошондой эле Москваны бул иш боюнча түзүлгөн тергөө тобу менен кызматташууга чакырган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөөгө Орусия катышпагандыктан, анын жыйынтыгына олуттуу маани берилбей турганын айткан.

Малайзиянын Амстердам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.

XS
SM
MD
LG