Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 05:25

Коронавирус: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында 286 адам обсервацияда жатат, эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу 9-мартта «Азаттыкка» Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, алардын көпчүлүгү кыргызстандыктар. Арасында чет элдиктер да бар.

«Ирандын бир, Кытайдын 78, Орусиянын сегиз, АКШнын эки, Казакстандын бир, Өзбекстандын төрт, Түркиянын бир жараны обсервацияда жатат. Жалпысынан медициналык байкоодон чыккандардын саны 1,5 миңге жетти, алардын 1,2 миңи кытайлыктар», - деди Оторбаева.

Адистин айтымында, коронавирус илдети катталган аймактан келгендерден эки сыйра (14 күндүк обсервацияга алынганда жана чыгаарда) анализ алынууда. Баарынын анализи таза чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги 9-мартка карата Кыргызстанда жана кыргызстандыктардын арасында коронавирус жугузгандар жок экенин билдирди.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3100 адам каза болду, 58 миңдейи айыгып чыкты. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG