Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08
10-март, 2020-жыл.
10-март, 2020-жыл.

Зомбулукка каршы акциянын талабы

Акция Уркуя Салиевага арналып тургузулган эркиндик монументинин алдында өттү. Ага миңге чукул киши катышты.

8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок аны калпак кийген беткапчан белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарып үзгүлтүккө учураткан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер кое берилген.

Бул окуяны жарандык активисттер, укук коргоочулар сындап чыгышты. "Сорос" фонду марштын уюштуруучуларына карата милициянын аракетин айыптады.

Өкмөт башчынын басма сөз кызматы милиция кагылыштын алдын алды деп билдирген.

9-мартта Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз-Ата айыл аймагынын тургундары менен чогуу «Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу», «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы» жана «Жугуштуу оорулардын алдын алуу» деген аталышта атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чарага аталган аймакта жайгашкан сегиз орто мектептин 9-10-11-класстарынын окуучулары катышты. Алар тиешелүү адистерден кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана жугуштуу оорулардын кесепеттери боюнча маалымат алып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Иш-чара башка айылдарда да улантылмакчы. Ноокат районунда жыл башынан бери үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 20 учур катталган.

Бишкектеги марш дүйнөлүк медианын сынында

Бишкектеги марш дүйнөлүк медианын назарында
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Аялдар маршы: талаштырган 8-март

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG