Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Өзбекстан коронавирус боюнча эл аралык эксперттердин жардамына таянат


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жугуштуу ооруулар боюнча адистери Өзбекстанга келишти. Алар Өзбекстанды өзгөчө кырдаалга даярдоого жардам бермекчи. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Алар Өзбекстанды дүйнөгө тарап жаткан коронавирустун алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга керектүү инфратүзүм уюштурууга жардам беришмекчи. Тагыраагы адистер өлкөдөгү карантин борборлорунун коопсуздугу жана натыйжалуулугу, лабораториялык абалдын бекемделиши боюнча кеңештерди беришмекчи.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып кеткенден кийин бул өлкөлөр коронавирус менен күрөшүүгө даяр эмес деп сындаган. Азырынча Өзбекстанда коронавирус илдети каттала элек. (YI)

XS
SM
MD
LG