Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 05:32

Гаага сотунда прокурор айыптоо корутундусу менен тааныштырды


Гаагадагы MH17 ишин караган сот. 9-март, 2020-жыл.

2014-жылы Донбасста атып түшүрүлгөн учак боюнча Гаагада 9-мартта башталган сотто прокурор айыптоочу тараптын корутундусун окуду. Анда ««Боинг» учагын жок кылуу» жана «298 кишини өлтүрүү» деген эки айып камтылган.

Тергөөчүлөрдүн эл аралык тобу Амстердам – Куала-Лумпур багытындагы лайнерге украиналык жикчилдердин көзөмөлүндөгү кыштактан «Бук» комплексинен атылган ракета тийгенин аныкташкан. Тергөө ракета комплекси Украинын чыгышына Орусиянын Абадан коргонуу бригадасынан алынып келген деген бүтүмгө келген.

Аскердик техниканы Донбасска жеткирүүгө катышкан Орусия жарандары Сергей Дубинскийге, Олег Пулатовго, Игорь Стрелковго жана украин жараны Леонид Харченкого айып коюлду. Бирок алардын бири да сотко катышкан жок. Орусиялыктар өз күнөөсүн четке кагышууда. Украиналык Харченко менен журналисттер байланыша алган жок. Москва тергөөчүлөр тобунун тыянагын таануудан баш тартып келатат.

Каргашада өлгөндөрдүн көбү Нидерланддардын жарандары болгондуктан, сот Гаагада өтүп жатат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG