Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоону жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өткөрүүнү талап кылды.
11-мартта өкмөт башчысы бул шайлоо өнөктүгүнө даярдык талкууланган жыйын өткөрдү.
Премьер шайлоонун ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу зарыл экенин белгилеп, мамлекеттик органдарга аймактык шайлоо комиссияларын транспорт, материалдык-техникалык жана байланыш каражаттары, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууну, коомдук коопсуздукту жана тартипти жөнгө салууну тапшырды. Мындан ары жарандарды жапырт каттоого жол бербөөнү да талап кылды.
Быйыл 12-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 25 айылдык кеңештин, ошондой эле беш шаардык кеңештин (Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол жана Токмок) депутаттарын шайлоо болот.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (БШК) маалыматы боюнча, мандаттардын жалпы саны 544, анын 169у – шаардык кеңештерге, 375и – айылдык кеңештерге туура келет. Соңку маалымат боюнча, шайлоочулардын саны 342 545 адам. (RK)