Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:12

Харви Вайнштейн 23 жылга эркинен ажыратылды


Харви Вайнштейн.

Нью-Йорк соту Голливуддагы мурдагы таасирдүү продюсер Харви Вайнштейди 23 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Өткөн айда сот арачылар аны жыныстык ыдык көргөзүү, зордуктоо фактысы боюнча күнөөлүү деп тапкан эле. Бирок бир катар оор айыптоо боюнча ал акталган. Процессте Вайнштейн күнөөсүн моюнга алган эмес жана бардык айыптарды четке каккан.

Кино индустриясындагы белгилүү магнат 80ден ашуун аялга каршы жыныстык кылмыш кылган деп айыпталган. Арасында Голливуддагы белгилүү актрисалар бар. Алардын айтымында, продюсер аларга көп жылдар бою асылып, жыныстык зомбулук көргөзүп келген.

Вайнштейнге каршы бир нече кылмыш иши козголгону менен расмий айып 2018-жылдын май айында гана коюлган. Анын иши #MeToo кыймылынын жаралышына түрткү берген. Дүйнөнүн ар тарабындагы аялдар таасирдүү эркектердин асылуусуна туш болушканын айтып чыгышкан.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG