Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:24

Италияда соода түйүндөрү ишин токтотот


Миландагы темир жол бекетинде беткапчан аскерлер жүргүнчүлөрдүн билеттерин текшерип жатышат. Италия. Март, 2020-жыл.

Өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте 11-мартта ушундай буйрук чыгарды. Бул коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында болуп жатат. Ага ылайык, кафе, бар, ресторан, чачтарач, сулуулук салондору да убактылуу ишин токтотот. Конте азык-түлүк тартыш болбой турганын эскертип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

«Бул чаралардын натыйжасын биз эки жумадан кийин көрө алабыз», - деди Жузеппе Конте.

Өндүрүш жана айыл чарба азыктарын өндүрүү иши өз нугунда кете берет. Ишкана жетекчилерине кызматкерлердин саламаттыгына кам көрүү тапшырылды. Ошол эле учурда аларды үйдөн отуруп иштөө режимине өткөрүү сунушталды. Коомдук транспорт, почта жана банктар мурдагыдай иштей берет.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италияда оору тез жайылып жатат. Коронавирус жугузуп алгандардын саны 10 миңге чамалап, 400дөн ашык киши ажал тапты. Бүтүндөй өлкөдө карантин жарыяланды.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG