Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 03:26

Дональд Трамп Европа өлкөлөрүнөн АКШга каттоону тыйды


Дональд Трамп.

Дональд Трамп бир айлык мөөнөткө Европанын бардык өлкөлөрүнөн АКШга каттоо тыйылганын элге кайрылуусунда айтты.

11-марттын кечинде Дональд Трамп АКШ элине кайрылып, 13-марттан тартып анын бул чечими ишке ашарын билдирди. Ал бул чектөөгө Британиянын жарандары кирбей турганын да кошумчалады. Шенген зонасына кирген 26 өлкөдөн АКШга кирүү 30 күнгө чектелет. Кошмо Штаттардын саламаттык сактоо боюнча жооптуу кызматкери Энтони Фаучи андан бир күн мурда Конгрессте сөз сүйлөп, АКШда вирус күчөшү мүмкүн экенин айткан.

АКШдагы Оорулардын алдын алуу боюнча борбордун эсеби боюнча, өлкөдө 31 киши коронавирустан каза таап, миңдей кишиге оору жукту. Ал арада АКШда жана Европанын айрым өлкөлөрүндө дүкөндөрдө күнүмдүк керектөөчү товарларды сатып алыш үчүн эл дүрбөлөңгө түштү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебреесус Женевадагы жыйында COVID 19 вирусун пандемия деп атады.

Азыркы тапта COVID 19 оорусу дүйнөнүн 114 өлкөсүндө жайылып, 118 миң адамга жукту, 4 291 киши каза болду. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG