Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 20:21

Иранда аятолла Аль Хаменеинин кеңешчиси Али Акбар Велаяти коронавирус жугузуп алганы аныкталды


Коронавирус күч алган Кум шаарындагы дезинфекциялоо иштери. Иран. Март, 2020-жыл.

Расмий Тегеран ошондой эле акыркы суткада өлкөдө 75 адам илдеттен улам көз жумганын, жалпысынан өлгөндөрдүн саны 429 адамга жеткенин маалымдады. Соңку бир күндө 1075 киши ооруга чалдыккан. Жалпы илдет жугузгандардын саны он миңден ашты.

АКШ жана Батыштын айрым өлкөлөрү Иранда маалыматтар азайтылып берилүүдө деп шек санап жатышат.

Оору жугузгандардын арасында вице-президент Масуме Эбтекар, саламаттык сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи жана парламенттин 20дан ашуун депутаты бар. Өлкөдө окуу жайлары жабылган, массалык иш-чараларга уруксат жок.

Ирандын Борбордук банкы коронавирустун жайылышына жол бербеш үчүн Эл аралык Валюта Фондунан 5 млрд. доллар сурады.

Иран коронавирус жайылышы жагынан Кытай менен Италиядан кийинки орунда турат.

Пикирлерди көрүңүз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG