Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:55

Азык-түлүк маселеси боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


Кыргызстанда азык-түлүктү массалык түрдө сатып алууга байланыштуу айрым жерлерде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 15-мартта Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев борбордо ун саткан дүкөндөрдү, базарларды кыдырды. Дүкөндөрдө узун кезектерди көрүүгө болот. Айрым жерлерде тартипти камсыз кылыш үчүн милиция кызматкерлери күзөткө коюлду.

«Кыргызстанда алты ун комбинаты бар. Казакстан менен чек ара ачык, буудайдын баасы көтөрүлбөйт. Ошондуктан жөн эле унду ала бербегиле. Ун жетиштүү. Бааны себепсиз эле көтөрүп жатышат. Бир кап унду 2000 сомдон сатып жаткандар жазасын алат», - деди Түлөбаев.

Бишкектин Ленин райондук акимчилигинин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу ун саткан дүкөндөрдөгү абал түз эфирде көрсөтүлдү. Анда айтылгандай бир кап ун 1450 сомдон, 2000 сомго чейин сатылып жатат.

Ушундай эле түшүндүрүү иштери Ош, Жалал-Абад облустарында да жүргүзүлүүдө.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров «Азаттыкка» Кыргызстанда ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарап жатат. Базарларда, дүкөндөрдө ун, кумшекер, суу май алган адамдар көбөйгөнү байкалды.

Кыргыз өкмөтү азык-түлүктү массалык түрдө сатып алуу болуп, ага суроо-талаптын өскөнүн кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөндөрдүн аракети катары баалады. Өкмөт «Казакстанда чек ара жабылды, унду ташып келүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн» деген сөздөр чындыкка дал келбесин билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG