Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Жумабеков: парламенттин жалпы жыйындары токтотулбайт


Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков парламенттеги 3-4 күндөрү өтүүчү жалпы жыйындар токтотулбай турганын маалымдады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Бирок парламент депутаттарынын чет өлкөлөрдөгү иш сапарларына, Жогорку Кеңештин имаратына меймандардын киришине чектөө коюлду.

«Жалпы жыйындар өтө берет. Бирок жыйынга катышкан коноктордун, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, окуучулардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн киришине чектөө койдук», - деп айтылат маалыматта.

Парламентте жалпы жонунан 120 депутат бар. Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда бардык мектептерди жана жогорку окуу жайларын үч жумага карантинге жабуу жөнүндө чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынган. Ошондой эле өкмөт өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизди. Бийлик жарандарды адамдар көп топтолгон жерлерге барбоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG