Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Москвада 10-апрелге чейин эл көп катышчу иш-чараларга тыюу салынды


Москва. 16-март, 2020-жыл.
Москва. 16-март, 2020-жыл.

Москвада коронавирус коркунучунан улам 10-апрелге чейин эл көп катышчу иш-чараларга тыюу салынды. Жабык жайлардагы жыйын-чогулуштарга катышкандардын саны 50 кишиден ашпоого тийиш. Тиешелүү буйрукка дүйшөмбү күнү мэр Сергей Собянин кол койду.

21-марттан тартып бардык мектептер жабык болот. Азыр окуучулар эркин режимге которулган. Жаңы чаралар буга чейин кабыл алынган жогорку даярдык режимин күчөттү.

Жекшембиден дүйшөмбүгө чейин орус баш калаасында вирусту жугузуп алган 20 киши аныкталды. Орусияда жалпысынан 93 кишиде COVID-19 вирусу табылган.

XS
SM
MD
LG