Коронавируска байланыштуу 17-марттан тартып Франциянын бардык аймактарында адамдардын кыймыл-аракети жарым айга чектелди. Франциянын президенти Эммануэл Макрон элине кайрылуусунда зарыл иш болбосо үйдөн чыкпоого, мүмкүнчүлүк болсо үйдөн иштөөгө, туугандар же достор менен жолукпай турууга, азык-түлүк алып атканда бир метрден кем эмес аралыкты сактоого чакырды.
«Жагдай ушундай кылууга милдеттендирип жатат. Биз согуштабыз. Саламаттык үчүн согуштабыз, албетте. Эч бир армия же өзүбүздүн эл менен күрөшүп аткан жокпуз. Бирок көрүнбөгөн, колго илинбеген душман ушул жерде, бастырып кирүүдө. Бул бизден жалпы мобилизацияны талап кылууда», - деди Макрон дүйшөмбүдөгү кайрылуусунда.
Мындан тышкары Францияда муниципалдык шайлоонун экинчи айлампасы жылдырылды.
Ошондой эле ишкердик менен алектенгендер үчүн социалдык төлөм жана салыкты төлөө кийинкиге калтырылат. «Бир да компанияны банкроттук коркунучуна жеткирбейбиз», - деп кошумчалады француз лидери.
17-марттын таңына карай Францияда жаңы коронавирус – COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 6600дөн ашты. Алардын 148и вирустан улам оорусу өтүшүп кетип көз жумду. 12 киши айыгып чыкканы кабарланды.