Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Казакстанда активистке кол салууну уюштурган аткаминер соттолду


Галина Арзамасова (солдо).
Галина Арзамасова (солдо).

Казакстандын Панфилов айыл округунун мурдагы акими, жарандык активист Галина Арзамасовага кол салуу үчүн айыпталган Нургали Аппазов жети жылга кесилди.

Талгар райондук сотунун өкүмү 17-мартта чыкты. Мурдагы акимдин айдоочусу Гани Сманов жабырлануучу менен жарашканы үчүн сот залынан бошотулду. Айдоочу активистке травматикалык тапанчадан ок аткан деп айыпталып жаткан.

Сот 40 жаштагы Аппазовду адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, адамдын саламаттыгына атайын залал келтирген деп тапты. Прокурор айыпты окуп жатып 2017-2019-жылдар аралыгында экс-аким Аппазовага карата бир топ чабуулдардын уюштуруучусу болгонун белгиледи.

Активист Галина Арзамасова Алматы облусунун Карабулак айылынын маселелерин көтөрүп келет. Ал мектеп курулчу жерге коттеждер салынышына каршы чыгып, өткөн жылдын 26-августунда бир топ айылдыктар менен акимдин кабылдамасына кирип келатканда октон жаракат алган.

Арзамасова чабуул өзүнүн жарандык активдүүлүгү менен байланышта деп эсептейт. Ал эми Аппазов менен Сманов коюлган айыптарды четке кагып келишкен.

XS
SM
MD
LG