Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

Конституциялык палата студенттер арасында сынак жарыялады


Баш мыйзам.
Баш мыйзам.

Кыргызстандын Конституциялык палатасы студенттер арасында «Конституция ар бир адамдын турмушуна таасирин кантип тийгизет?» деген сынак жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, сынак Баш мыйзам кабыл алынган күнгө арналат. Максат – анын ролун жана маанисин ачып берүү.

Эң мыкты эссе жазып, видеоролик даярдаган студенттерге сыйлыктар (1-орунга планшет, 2-3-орундарга чөнтөк телефондор) тапшырылат.

Сынакка өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларынын студенттери катыша алат. Материалдарды баалоодо автордун жаңыча жана инновациялык мамилеси, теманы ачуу деңгээли, так жана логикалык баяндап берүү жөндөмү, мазмундуу жана оригиналдуу ойлору, чыгармачылыгы эске алынат.

Сынак комиссиясынын курамында Конституциялык палатанын судьялары жана аппаратынын кызматкерлери болот.

Материалдар 22-апрелге чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты 30-апрелде Конституциялык палатада «Ачык эшик» күнүндө өткөрүлөт.

Конституциялык палата ​мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылардын Баш мыйзамга ылайыктыгын аныктайт, эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет жана Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду чыгарат.

Эгемен Кыргызстандыктан Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Бул күн жыл сайын белгиленет. (RK)

XS
SM
MD
LG