Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Ошто медициналык беткаптар тигиле баштады


Оштогу «Дастан» ишканасынын тигүү цехи.
Оштогу «Дастан» ишканасынын тигүү цехи.

Ошто «Дастан» ишканасынын тигүү цехинде дакиден (марли) беткаптар тигиле баштады. Ишкананын жетекчиси Талант Масеевдин айтымында, тигүү цехи күн сайын 10 миң беткап даярдап жатат. Ушул эле ишкананын Ноокаттагы филиалы да беткап тигүүгө киришип, күнүнө 3 миңден 5 миңге чейин беткап тигүүдө.

Андан тышкары Ош шаарында улуттук кийимдерди тигүү менен алектенген «Мурас» тигүү фабрикасы да беткап чыгара баштады.

Жергиликтүү ишканалардан чыккан беткап Ош шаарындагы, Ноокат, Кара-Суу райондорундагы дарыканаларда сатылып жатат.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аталган ишканаларга барып, тигүүчүлөр менен жолугушту. Мэр тигүүчүлөргө зарыл кырдаалда беткап чыгарууну колго алганы үчүн алкыш айтып, элдин саламаттыгына салым кошууга чакырды.

Былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон, COVID-19 аттуу, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн апта соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган. Кыргызстанда кичи ажылыкка барган үч адамдан вирус табылды. (MdN/DU)

XS
SM
MD
LG