Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 18:39

Алматыда коронавирус жуккан адамдын үйү курчоого алынды


Иллюстрациялык сүрөт.

«Vласть» интернет-журналы шаар акиминин орун басары Ержан Бабакумаровго шилтеме кылып, илдеттин башкаларга жугуу коркунучу жогору болгондуктан, үй курчоого алынганын жазды.

19-марттан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин күчүнө кирди. Карантин маалында азык-түлүк сатылбаган базарлар, соода үйлөрү жана көңүл ачуучу жайлар убактылуу ишин токтотору күтүлүүдө. Мындан тышкары бийлик 22-марттан тартып аба жана темир жол байланыштарын да толук токтотууну көздөп жатат.

Казакстанда COVID-19 вирусун жугузуп алган адамдардын саны 36га жетти. Алардын сегизи Нур-Султанда, дагы сегизи Алматыда катталган.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 218 миңден ашып, каза болгондор тогуз миңге жакындап калды. Илдеттен 84 миң киши айыкты.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG