Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Кыргызстанда 528 адам обсервацияда жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чет өлкөдөн келген 386 адам, андан сырткары коронавирус аныкталгандар менен кошо келген 142 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Учурда Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөлдө турат. Дарыгерлер 24 саат бою санитардык-эпидемиологиялык, дезинфекциялык иштерди жүргүзүүдө.

Жалал-Абад облусунда эки көчмө лаборатория иштеп жатат. Облустук ооруканада үч киши карантинде дарыланып жатса, дагы үч жаран дене табы жогору болгондуктан кармалып турат.

Алардын ичинен эки кишинин коронавируска алынган анализдери таза чыкты, бирөөнүн анализи чыга элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG